Кыргыз жигит Ак үйгө түкүрдү. "Мамлекетти карызга батырган ичип жегичтердин бетине түкүргүм келип жүргөн"

7 январь 2019 15:34 1684 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан Ак үйдүн алдында аткаминерлерге түкүргөн жигиттин видеосу интернет булактарына тарап кызуу талкуу жаратууда.

Видеодон аты-жөнү белгисиз кыргыз жигити Ак үйдүн алдында туруп:

"Мамлекетти карызга батырган жегичтердин урматына мына карап тургула" -деп туруп түкүрүп салганын көрүүгө болот.

Ага кошумча түкүргөн жигит мына айып пул даяр келип алып кетсенер болот деп капчыгынан 5500 сом акчаны көрсөтүп ичип жегичтердин бетине көптөн бери түкүргүм келип жүргөн мына мага ошол мүмкүнчүлүк келди деп кошумчалаган.

Эске салсак түкүрүүгө каршы мыйзам 2019-жылдын январь айынан баштап ишке кире баштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-zhigit-ak-jg-tkrd-mamleketti-karyzga-batyrgan-ichip-zhegichterdin-betine-tkrgm-kelip-zhrgn



Добавить комментарий