Кыргыз-Өзбек чек-арасы ачылды

2 сентябрь 2020 16:44 763 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргыз-Өзбек чек-арасы ачылды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмүнө таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 2- сентябрдан баштап КРнын мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрүү жайларында  жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүнө-чыгуусуна коюлган чектөөлөр алынгандыгын маалымдайт.

Эки мамлекеттин жарандары республикалардын аймактарына чектөөсүз кире алышат, бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарын кынтыксыз аткаруулары зарыл:

-  акыркы 14 күн аралыгында Кыргызстандын аймагында болгон же акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавируска терс жыйынтыгын көрсөткөн ПЦР-тест тууралуу маалымкаты бар  адамдар Өзбекстанга кирип жатканда карантиндик көзөмөлгө алынышпайт. Өлкө аймагына кирип келе жаткан Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өткөрүү жайларында термометриядан жана анкета толтуруу менен жүргүзүлгөн сурамжылоодон өтүшөт;

 - Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан жана Кыргызстандын аймагында гана болуп келген Өзбекстандын жарандары республикага кайтып келе жатканда карантиндик көзөмөлгө алынышпайт.

 - башка учурлардын бардыгында Кыргызстанга жана Өзбекстанга кирип жаткан адамдар бул өлкөлөрдө бекитилген тартипке ылайык карантиндик көзөмөлгө алынышат.

 Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды өткөрүү төмөндөгү өткөрүү жайлары аркылуу ишке ашырылууда: «Достук-автожол», «Кызыл-Кия-автожол», «Кадамжай-автожол», «Маданият-автожол» жана «Баймак-автожол».

Транспорт каражатары  кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин “Кадамжай-автожол”, “Достук-автожол”, жана “Кызыл-Кыя-автожол”   көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кесип өтө алышат.         

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан баштап Өзбекстан коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмегине кирген.                                                                                                                                                                               


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-zbek-chek-arasy-achyldy



Добавить комментарий