“Кыргыз темир жолу” бардык эл аралык каттамдарды токтотту

17 март 2020 12:25 929 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда 17-марттан тарта киргизилген өзгөчө кырдаалдан улам “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы эл аралык жүргүнчү каттамдарын убактылуу токтотту.

Ага ылайык, төмөнкү каттамдар токтотулду:

Поезд № 17/18 Бишкек - Москва

- Поезд № 305/306 Бишкек - Казань

- Поезд № 385/386 Бишкек - Новосибирск

Аталган багыттар боюнча күн мурунтан билет алып койгондорго каражаты толугу менен кайтарылып берилет.

Ал эми Бишкек – Токмок жана Бишкек – Кара-Балта багыты боюнча каттаган поезддер кадимки тартипте иштей берет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-temir-zholu-bardyk-el-aralyk-kattamdardy-toktottu



Добавить комментарий