"Кыргыз темир жолу" 100 жарым вагонду тендерсиз сатып алат

21 октябрь 2021 17:32 1592 Barometr
Бөлүшүү:
ok

““Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы түз келишимдин негизинде даярдоочу заводдон 100 жарым вагон сатып алат. Бул тууралуу "Бизнес-Барометр" Улукбек Марипов министрлер кабинетинин башчысы болуп турган кезде, 2021-жылдын 8-октябрында кол койгон буйруктун көчүрмөсүнө шилтеме кылуу менен кабарлайт.

Документте мындай чечим ““Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кыймылдуу составын жаңылаш үчүн, азык-түлүк коопсуздугун чыңдаш үчүн, күз-кыш мезгилине өз маалында даярдык көрүш жана кант кызылчасы менен көмүрдү камсыз кылыш үчүн кабыл алынганы айтылат.

Марипов төмөнкүлөргө тапшырма берген:

Ишкананын жеке каражатынын эсебинен түз келиштим түзүү жолу аркылуу даярдоочу заводдон 100 даана жарым вагондорду сатып алууну;

Монополияга каршы жөнгө салуу тармагындагы тиешелүү мамлекеттик органдан көрсөтүлгөн вагондордун баасын макулдашууну тапшырган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-temir-zholu-100-zharym-vagondu-tendersiz-satyp-alat



Добавить комментарий