Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Жарадар болгон кишинин абалы оор
Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан Баткен районундагы Көк-Таш айылынын жашоочусу жаракат алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-августта саат 18:00 чамасында атылган октун үнү угулган. Ал эми жарадар болгон киши ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге жергиликтүу тургундар топтолгон, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
"Ал Көк-Ташка жакын жерден жарадар болуптур. Операция жасалды", - деди өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Алишер Абдрахманов.
"Көк-Таш айылында ок тийген жергиликтүү жашоочу саат 19:40 чамасында ооруканага келип түштү. Жабырлануучунун денесинин эки жерине ок тийген. Учурда абалы оор, медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", — деди Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Арзыбек Бөрүбеков.
Эскерте кетсек, кечээ, эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атуу болуп, Кыргызстандын чек ара кызматкери жаракат алган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал жоокердин колун тешип өткөнү маалым болгон.
Бул окуядан кийин эки тараптын өкүлдөрү жолугуп, чырды Кыргызстан өзүнчө, Тажикстан өзүнчө иликтемей болгон. Себеби жарадар болгон кыргызстандык чек арачыдан башка, тажикстандык бир жаран каза болду деген маалымат тараган.
Бул фактылар Баткен РИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 30/130-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Учурда кыргыз-тажик участкасындагы мамлекеттик чек арада абал туруктуу.
Кыргызстандын Көк-Таш айылы Тажикстан менен болгон чек арага жакын жайгашкан. Көк-Таш айылы менен Тажикстандын чек арасын бир эле көчө бөлүп турат. Аталган калктуу конуштун стратегиялык мааниси бар, анткени анын аймагынан Көк-Таш — Ак-Сай — Рават жолу башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-ok-atyldy-zharadar-bolgon-kishinin-abaly-oor
Добавить комментарий ×