Кыргыз-тажик өкмөт мүчөлөрү чек арадан жолугат
Жеңиш Разаков баштаган делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тараптардын жолугушуусу 14-январда чектеш аймакта өтөт.
Кыргызстандын делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары талкууланат. Ошондой эле, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери тууралуу кеп болот.
Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasy-boyuncha-eki-mamlekettin-kmt-mchlr-zholugat
Добавить комментарий ×