Кыргызстан Өзбекстандын суу каптаган аймагына жардам жөнөттү
Бөлүшүү:
Кыргыз Өкмөтү 2020-жылдын 1-майында Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстандын калкына гуманитардык көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү.
Добавить комментарий ×