Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" постунан жүк ташуучу унаалар өтө баштады
Бөлүшүү:
14-апрелде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин эки өлкөнүн жүк ташуулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө Кытай менен макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
”Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайынын маселеси аймактагы эпидемиялык абалдын андан ары өнүгүшүн эске алуу менен каралат. Мында эки өлкөнүн жарандарына чек арадан өтүү чектөөлөрү сакталат.
Эске салсак, коронавирус эпидемиясынан улам аталган көзөмөл өткөрүү пунктары жабылган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kytaj-chek-arasyndagy-erkechtam-postunan-zhk-tashuuchu-unaalar-t-bashtady
Добавить комментарий ×