Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташуулар кайра жанданат
«Республикалык ыкчам штаб тарабынан кыргыз-кытай чек арасы аркылуу унаа каражаттары менен жүк ташууларды жандандыруу маселеси каралды. Коңшу өлкөгө тийиштүү нота жөнөтүлдү», - деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады..
Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө жайларында жүк ташууну жандантуу боюнча кытай тарап менен даярдык көрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле кыргыз жүк ташуучулары үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен бул процесстин механизмдерин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Кытайдан импорттолгон товарлардын түзүмүн талдоо көрсөткөндөй, чек аранын жабылышы жеңил өнөр жай жана текстилдик өндүрүштүн ишмердүүлүгүнө, жабдууларды ташууга бир кыйла таасир берген.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kytaj-chek-arasy-arkyluu-zhk-tashuulary-kajra-karaluuda
Добавить комментарий ×