Кыргыз коомчулугу залкар кинорежиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатты
Бүгүн А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында залкар кинорежиссёр Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты өттү.
Иш чарада Президент Сооронбай Жээнбеков кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдоп, аны президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.
- Болот Шамшиевдин чыгармалары — кыргыз киносунун „кереметин“ түзгөн өзгөчө бир доорунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Анын режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды, - деп айтылат кайрылууда.
Болот Шамшиев кыргыз тарыхын, айрыкча „Манас“ эпосун терең изилдөө үчүн олуттуу иштерди аткарганын мамлекет башчысы белгилейт.
Шамшиевдин акыркы сапарга узатуу зыйнатында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин көңүл айтуусу айтылып, аны Казакстандын убактылуу элчиси Аскат Сыдыков окуп берди.
Анда казак президенти Болот Шамшиев дүйнөлүк искусстводо өчпөс из калтырганын, эки элдин кылым карыткан достугун бекемдөөдө да чоң салымын кошуп кеткенин белгилейт.
Маркумду акыркы сапарга узатуу иш чарасына мамлекеттик жетекчилер, маркумдун жакындары, санаалаштары жана замандаштары катышып, сөз сүйлөштү.
Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев узакка созулган оорудан улам, 21-декабрь күнү 78 жаш курагында президентке караштуу атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-koomchulugu-zalkar-kinorezhissyor-bolot-shamshievdi-akyrky-saparga-uzatty
Добавить комментарий ×