“Кыргыз көмүрдүн” башчысы 3-октябрга чейин УКМКнын абагында кармалат

6 август 2021 12:01 923 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 5-августта Канатбек Ашырбаевди сотко чейинки өндүрүш мөөнөтү бүткөнгө дейре камакта калтыруу боюнча баш коргоо чарасын кабыл алды. Бул тууралуу соттон маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.  

Ал 3-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМК «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги пайда табуу максатында Кара-Кече кенинен көмүр казып алууда коррупциялык схема түзгөн деп шектенүүдө.

Тергөөнүн версиясына ылайык, “Кыргыз көмүрдүн” башчысы 370 000 тонна көмүрдү документтерге көлөмүн азайтып көрсөтүү менен уурдаган экен.

Бирок жамаат мындай болушу мүмкүн эмес деп эсептейт.

“Мындай көлөмдөгү көмүрдү алып чыгып кетиш үчүн 18 500 унаа керек. Бизде мындай техникалык ресурстар жок. Айыптоо негизсиз, биз директорду ак ниет жетекчи жана мыкты адам катары жакшы билебиз. Садыр Нургожоевич, бул ишти туура териштирүүгө көмөктөшүүңүздү сурайбыз”,-деп жазган кызматкерлер.

Тоо иштери боюнча адистер - маркшейдерлер менен инженерлер 370 000 тонна көмүрдү кантип уурдап алууга болот деп таңкалышууда. “Бул мүмкүн эмес!”-дешет алар.

“Биз УКМКнын айыптоосуна макул эмеспиз. Канат Ашырбаевдин 370 миң тонна көмүрдү уурдап алганы жалган”,-дешти алар.

Эскерте кетсек, Ашырбаев Канатбек Ыбышевич Мамлекеттик энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп 2018-жылы 21-июнда дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kmrdn-bashchysy-3-oktyabrga-chejin-ukmknyn-abagynda-karmalat



Добавить комментарий