Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташууларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды

17 сентябрь 2020 09:57 544 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан менен Казакстандын  чек арасы аркылуу ташылган жүктөрдү текшерүүсүз өткөрүүгө макулдашылды. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика министрлигинин маалымат кызматынана шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ага ылайык, бардык автотранспорт каражаттарына карата контролдук-кароо иш-чаралары токтотулат. Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга, Орусияга кайтарым багытта ташылган навигациялык пломбалардын жардамы менен автотранспорт каражаттарына мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө макулдашылды.

Пилоттук долбоор ушул жылдын 10-декабрында күчүнө кирет. Жүк ташуучулар пилоттук долбоорго акысыз катыша алышат.

Эгерде төмөнкү эрежелер бузулса, контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт:

белгиленген маршруттан (республикалык маанидеги автомагистралдар) 1 чакырымдан ашык аралыкка кеткенде;

навигациялык пломбаны өз алдынча ачууда;

навигациялык пломбасы бузулган учурда;

навигациялык пломба менен 1 сааттан ашык байланыш болбогондо;

активдүү бара жаткан транспорт каражатынан чиркегичти ажыратып койгондо.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kazak-chek-arasynan-zhk-tashuulardy-tekshersz-tkr-makuldashyldy



Добавить комментарий