Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташууларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы аркылуу ташылган жүктөрдү текшерүүсүз өткөрүүгө макулдашылды. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика министрлигинин маалымат кызматынана шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ага ылайык, бардык автотранспорт каражаттарына карата контролдук-кароо иш-чаралары токтотулат. Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга, Орусияга кайтарым багытта ташылган навигациялык пломбалардын жардамы менен автотранспорт каражаттарына мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө макулдашылды.
Пилоттук долбоор ушул жылдын 10-декабрында күчүнө кирет. Жүк ташуучулар пилоттук долбоорго акысыз катыша алышат.
Эгерде төмөнкү эрежелер бузулса, контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт:
белгиленген маршруттан (республикалык маанидеги автомагистралдар) 1 чакырымдан ашык аралыкка кеткенде;
навигациялык пломбаны өз алдынча ачууда;
навигациялык пломбасы бузулган учурда;
навигациялык пломба менен 1 сааттан ашык байланыш болбогондо;
активдүү бара жаткан транспорт каражатынан чиркегичти ажыратып койгондо.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kazak-chek-arasynan-zhk-tashuulardy-tekshersz-tkr-makuldashyldy
Добавить комментарий ×