Кыргыз-казак айтышы аяктап, жыйынтыгы жарыяланды

1 сентябрь 2021 10:51 1675 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында 31-августта кыргыз-казак айтышынын финалы болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Иш-чара Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, ошондой эле кыргыз акыны Жеңижоктун 160 жылдыгына, казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналды.

Айтышка Кыргызстан тараптан 8, Казакстан тараптан 8 акын катышты.

Жыйынтыгында баш байгеге Асылбек Маратов, Айбек Калиев, биринчи орунга Акматбек Султан уулу, Аспанбек Шугатаев, экинчи орунга Нурмат Мансуров, Турат Жумаев, үчүнчү орунга Кубат Тукешов, Бөрүбай Орозымбетовдор татыктуу болушту.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kazak-ajtyshy-ayaktap-zhyjyntygy-zharyyalandy



Добавить комментарий