Кыргыз футболчуларынын кайта турган күнү айтылды. Күйөрмандар татыктуу жеңиштин белгиси менен тосуп алууга чакырышты

22 январь 2019 11:35 1218 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Келгиле, Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн баатырларыбызды татыктуу тосуп алалы! Дубайга бара албасак дагы аэропортко баралы. Мындай билдирүү соцтармактар аркылуу көпчүлүккө тарап жатат. 

Учурда футбол боюнча судьянын калыстыкты тең кармабай БАЭге тартып койду деген нааразычылыктары айтылууда. Утулса дагы татыктуу утулду деген кыргыз футбол күйөрмандары курама команданы жеңиштин белгиси менен тосуп алууга чакырышууда. 

Маалыматта команда Кыргызстанга 24-январь күнү таңкы саат 05.00дө Дубай — Бишкек каттамы менен келери айтылат. Күйөрмандар саат таңкы 4.00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кире беришине чогулат. Автобусту футбол федерациясы уюштурат.

Эске салсак, 21-январда Абу-Дабиде улуттук команда Азия кубогунун чейрек финалында Бириккен Араб Эмирлигинен утулуп, мелдештен четтеген. 


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-futbolchularynyn-kajta-turgan-kn-ajtyldy-kjrmandar-tatyktuu-zheishtin-belgisi-menen-tosup-aluuga-chakyryshty



Добавить комментарий