"Ушундай уят болгончо кыргыздарга утулуп берсеңер болмок!" БАЭнин курама командасы Катарга 4:0 эсеби менен утулду

30 январь 2019 11:06 2119 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Интернет булактарында Азия кубогу-2019 оюндары катуу талкууга алынууда. Кыргызстан курама командасы Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) курама командасы менен болгон чечүүчү беттеште 3:2 эсеби менен утулуп, оюндан четтетилген. Бул футбол күйөрмандарынын ортосунда талкууга алынып, көпчүлүгү беттештин калысы БАЭнин курамасына жан тартып койду деген сөздөрдү айтышкан.

БАЭнин курама командасы кечээ, 29-январда Катар футбол курама командасы менен беттешти. Таймашта БАЭ командасы Катар курама командасына 4:0 эсеби менен утулуп калды.

Көпчүлүк кыргыз футбол күйөрмандары бул беттештен кийин кайрадан БАЭнин футбол командасын талкууга алууга өттү. Анда "мынча уят болгончо кыргыздарга эле утулуш керек болчу", "мына эми кимдин ким экени көрүндү", "бул калысты сатып ала алышкан эмес го", "силерге сооп болот ушул" деген өңдүү пикирлерин жазышууда.


Ссылка: https://barometr.kg/ushundaj-uyat-bolgoncho-kyrgyzdarga-utulup-berseer-bolmok-internet-koldonuuchulary-baenin-katar-kurama-komandasyna-40-esebi-menen-utulganyn-talkuuloodo



Добавить комментарий