Кыргыз эстрада ырчылары кыйын учурда дем бере турган чыгарма жаратышты (Видео)
Кыргыз эстрада жылдыздары кыйын учурда биригүүгө чакырган, жамандын артынан жакшылык келээрине ынандырган “Адамга адам керек” аттуу чыгарма жаратышты. Бул тууралуу аткаруучулардын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Баромерт” билдирет.
Коронавирустун жайылуусунун натыйжасынан келген кыйын күндө кыргыз элине дем-күч бере турган чыгарма жаралды.
Ырдын сөзүн белгилүү акын Акбар Кубанычбеков, обонун таланттуу аткаруучу Султан Садыралиев жаратты.
“Кыйын учурда элибизге дем боло турган чыгарма жазганга аракет кылдык. Чыгарманы 30га жакын ырчылар аткарып көрктөдү. Чынында, кандай учур болбосун адамга адам керек экен”, - деп билдирди акын.
“Жакында баарыбыздын аткаруубузда, “Адамга адам керек” ырыбызды угасыздар калайык калк. Чыгарма бир ай мурун жаралган”, - деп билдирди Садыралиев.
Бул чыгарманы кыргыз эстарад ырчылары Гульнур Сатылганова, Алтынай Нарбаева, Курал Чокоев, Анжелика, Омар, Юлия Рудская, Гүльжигит Калыков, Азат Раимбердиев баш болгон ырчылар тобу аткарышкан.
“Кылым карыткан кыргыз тарыхта далай сыноолорду башынан кечирген. Бирок, биринде дагы башын салып, тизе бүгүп, мизи майтарылып, багынган эмес! Кыргызстаным - жаныңда сени чын дилден сүйгөн, ар бир тоголок ташың үчүн жанын садага чапканга даяр уул-кыздарың турганда, кандай кыйынчылык болбосун бир муштумдай түйүлүп, жеңип чыгарынан эч кам санаба! Сенин жаркын келечегиң үчүн биз дайым биргебиз! Бизди бир гана максат бириктирет, ал - Кыргызстан!”, - деп ырчылар социалдык тармактагы баракчаларына жазышты.
Добавить комментарий ×