Кыргызстандын депутаттары Азербайжандагы парламенттик шайлоодо байкоочу болушту

11 февраль 2020 18:15 489 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттары Бахадыр Сулейманов, Алмазбек Баатырбеков жана Зиядин Жамалдинов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) байкоочулар миссиясынын курамында Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүштү. Бул тууралуу ТҮРКПАнын маалымат кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү Казакстан жана Түркия парламенттеринен келген кесиптештери менен бирге ТҮРКПА Катчылыгында болуп, байкоочулар миссиясынын программасынын негизги багыттары боюнча баарлашышты. Ошону менен бирге Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жогорку кызмата адамдары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Байкоочулар миссиясы шайлоо күнү Азербайжандын Шамахи, Гобустан жана борбор калаа Бакуда жайгашкан бир катар шайлоо тилкелеринде болушуп,  андагы комиссия мүчөлөрү байкоочулар жана ошондой эле шайлоочулар менен жолугушуп пикир алмашышты. Иш-чаранын жүрүшүндө депутаттар шайлоонун жүрүшү боюнча жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына өз ой пикирлерин билдиришти.

Белгилей кетсек, курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттери кирген ТҮРКПАнын байкоочулар миссиясы, ассамблеяга мүчө өлкөлөрдөө өткөншайлоолорго байкоо салып келишет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-deputattary-azerbajzhandagy-parlamenttik-shajloodo-bajkoochu-bolushtu



Добавить комментарий