“Кыргыз Чоролорунун" башчысы Баткен областынын элин сабырдуу болууга чакырды

14 март 2019 13:19 2143 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Кыргыз Чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Кочорбаев Баткен областынын элин сабырдуулукка чакырды. Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өз пикирин  Көчөрбаев бүгүн, 14-мартта Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Урматтуу Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары. Биз Сиздерди түшүнүү менен кабыл алып, дагы да сабырдуулукка чакырабыз. Канча жылдан бери кошуна элдер менен тирешип намысты бербей, ата-бабабыздан мурас катары калган жерлерди коргоп келесиздер. 2014-жылкы Ак-сай окуясында Чоролор барып, жергиликтүү Ак-Сайдагы Кырк чоро кошундары менен бир топ иштерди жасаганбыз. Ошондуктан бул абалды ичинен түшүнөбүз. Өлкөбүздө өрүк зарлуу Баткендин жери үчүн башын сайганга даяр жигиттер толтура. Эгер маселе ошондой жол менен чечилсе Биз даярбыз. Тилекке каршы маселе андай жол менен чечилбейт. Мындай маселелер жогорку деңгээлдеги Өкмөт, ЖКнын, Президенттин кийгилүүшүсүнүн негизинде чечилет. Ошондуктан Биз "Кыргыз Чоролору" Өкмөткө, ЖКга, Президентке кайрылуу жөнөттүк. Кайрылууда тез аранын ичинде чек ара маселелерин, суу, жол маселелерин жөнгө салып, биротоло чек ара көйгөйү кайра чыкпагыдай талаш маселелерди чечип берүүсүн талап кылдык. Учурда Ак-Сай айлындагы кырк чоро кошундары жана алардын жетекчиси Айдаров Мурат чоро менен кабар алып, абалды байкап турабыз. Дагы бир жолу кайраттуу, баатыр мүнөз Баткен элин сабырдуулукка чакырам”,-деп жазды Кочорбаев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-chorolorunun-bashchysy-batken-oblastynyn-elin-sabyrduu-boluuga-chakyrdy



Добавить комментарий