Кыргыз балы Доха шаарында көргөзмөдө
Кыргызстандын бир катар бал өндүрүүчүлөрү Катардын Доха шаарындагы “Сук Вакиф 2019” Эл аралык бал көргөзмө-жарманкесине катышып жатат. Бул кабарды Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти бүгүн билдирди.
28-февралда башталып, 7-мартка чейин улануучу көргөзмө-жарманкеге кыргыз балын өндүрүп жана аны экспорттоочу «GIMNILI», "Маңыз", "Balary" жана “Earth” компаниялары катышап жатат.
Атамекендик балчылар бул иш чарага Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жардамы менен катышып жатат.
“Сук Вакиф 2019” Эл аралык бал көргөзмө-жарманкеси Катар Мамлекетинин Соода жана өнөр жай министрлиги жана Муниципалитеттер жана айлана-чөйра министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат. Иш-чарага 20 өлкөдөн келген 124 компания катышып жатат.
«Кыргыз Республикасынын атынан келген катышуучулар, көргөзмөнүн конокторунун арасында популярдуулукка ээ болгон ар түрдүү бал сортторун көрсөтүштү», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-baly-doha-shaarynda-krgzmd
Добавить комментарий ×