Кыргыз аял Москвада өлтүрүлгөн 30 жаштагы хореограф кыздын өлүмү тууралуу айтып берди

25 декабрь 2020 09:56 1598 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада өлтүрүлгөн 30 жаштагы хореограф кыз борбордогу бий студиялардын биринде эмгектенчү. Ал жаркылдаган, боорукер жана шайыр кыз болчу. Бул тууралуу аталган мекеменин гардеробчу кызматкери, кыргыз аял Life агенттигине берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыргыз аялдын айтымында, ал ар дайым улууларга урмат менен мамиле кылган, жароокер кыз болчу. Жанында жандап жүргөн жити деле болгон эмес.

“Жумштан ар дайым шашып чыгып эле үйүн көздөй жөнөчү. Анан ар дайым анын жанында курбу кызы бирге жүрчү. Ал азыр деле ушул имаратта иштеп жатат. Мен көрүп калып жатам. Кыздын эч кимге жамандыгы деле жок эле. Кантип аны өлтүргөнгө колу барды экен”, - деп эскерди кыргыз аял.

Анын айтымында, кыз акыркы күндөрү маанайы жок жүргөн.

Эске сала кетсек, кызга кол салуу Москванын райондорунун биринде  23-декабрда кечинде болгон. Кол салуу учуру видеого тартылып калган. Беткапчан кол салган адам жабырлануучуну жарадар кылып, тапанчасын ыргытып, качып кеткен. Окуядан кийин жаракат алган москвалык кыз ооруканада көз жумган. Кылмыш иши козголуп, шектүү жаран издөөгө алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-ayal-moskvada-ltrlgn-30-zhashtagy-horeograf-kyzdyn-lm-tuuraluu-ajtyp-berdi



Добавить комментарий