Кыргыз аскерлери Тажикстанга машыгууга барбайт
Бөлүшүү:
Тажикстанда өтүүчү жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюмунун “Чек ара-2022” биргелешкен машыгууларына кыргыз аскерлери катышпайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Башкармалыктын белгилешинче, бул иш-чарага катышуу пландаштырылган эмес.
Буга чейин, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешип өткөрүлүүчү «Майтарылбас бир туугандык-2022» командалык-штабдык машыгуусун токтотуу чечимин кабыл алган. Машыгуу Кыргызстандын аймагында 2022-жылдын октябрында өтүшү керек болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-askerleri-tazhikstanga-mashyguuga-barbajt
Добавить комментарий ×