Кыргыз аскерлери Тажикстанга машыгууга барбайт

11 октября 2022 11:21 1133 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстанда өтүүчү жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюмунун “Чек ара-2022” биргелешкен машыгууларына кыргыз аскерлери катышпайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Башкармалыктын белгилешинче, бул иш-чарага катышуу пландаштырылган эмес.  

Буга чейин, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешип өткөрүлүүчү «Майтарылбас бир туугандык-2022» командалык-штабдык машыгуусун токтотуу чечимин кабыл алган. Машыгуу Кыргызстандын аймагында 2022-жылдын октябрында өтүшү керек болчу.  

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-askerleri-tazhikstanga-mashyguuga-barbajt



Добавить комментарий