Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар жазага тартылат
Акыркы убактарда “WhatsApp” мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө.Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
ИИМ эскертет, кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
Ссылка: https://barometr.kg/kylmysh-zhasalgandygy-zhnnd-zhalgan-maalymat-taratkandar-zhazaga-tartylat
Добавить комментарий ×