Кыйноолорду алдын алуу борбору: "Жантөрө Сатыбалдиев тез арада ооруканага жаткырылышы керек"

10 сентябрь 2018 19:00 1700 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМКнын тергөө абагында жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тез арада ооруканага жаткырылышы керек. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына  кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.  

Маалым болгондой,  Жантөрө Сатыбалдиевди кардиолог текшерип чыгып, стационардык дарыланууга муктаж экенин билдирген. 

«Керектүү документтин баарын тергөө абагынын администрациясына карап чыгуу үчүн жибердик. Ага Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандарынын мурунку премьер-министрдин бала чагынан бери жүрөк оорусу менен жабыркайт деген көрсөтмөлөрү тиркелди. Жүрөк оорусу тукумунда болгон», — деди Нурдин Сулайманов. 

Белгилей кетсек, Сатыбалдиев Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyjnoolordu-aldyn-aluu-borboru-zhantr-satybaldiev-tez-arada-oorukanaga-zhatkyrylyshy-kerek



Добавить комментарий