Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмад Кыргызстандыктарды жана Сооронбай Жээнбековду куттуктады
Бөлүшүү:
Кувейт мамлекетинин Эмири Сабах аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы-жылы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
«Мен Сизди Жаңы 2019-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаганга кубанычтамын. Буга байланыштуу мен Сизге чын ниеттен каалоолорумду билдирип, бул Жаңы жыл мусулман калкына жана жалпы адамзат үчүн бакубаттуу болуп, тынчтык жана коопсуздук болушун, дүйнөнүн бардык элдерине жакшылыктарды жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм. Сизге бекем ден соолук жана дос өлкөлөрүбүз ортосундагы жакшы мамилелердин бекемделишин, мындан аркы өнүгүүнү жана элдерибизге алдыга жылышты каалайм», - деп белгиленген Кувейттин Эмиринин куттуктоосунда.
Добавить комментарий ×