Кувейттин Эмири каза болду

1 октябрь 2020 09:21 691 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америка Кошмо Штаттарында, эң улуу араб башкаруучусу, Кувейттин Эмири Сабах IV 92 жашында көз жумду. Бул тууралуу 29-сентябрда министр Али ал-Жарах аль-Сабах Кувейт мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн эфиринде берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Июль айында мамлекет башчысы Миннесота штатындагы клиникага жаткырылып, ага операция жасалган (айрым маалыматтарга караганда, эмирден эки шишик алынган).

Андан бери Кувейт бийлиги Сабах IVдин ден-соолугу туруктуу экендигин жана ал жакшы болуп жатканын бир нече жолу билдиришкен. Ошол эле учурда, Сабах IV иниси жана мураскор принц Наваф аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах эмирдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Өкмөттүн билдиришинче, мураскер принц Наваф аль-Ахмед ас-Сабах жаңы эмир болду.

Сабах аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах Кувейтти 2006-жылдын январынан бери башкарып келген. Ага чейин ал премьер-министр болуп иштеген, андан мурун ондогон жылдар бою өлкөнүн тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.

Ссылка: https://barometr.kg/kuvejttin-emiri-kaza-boldu



Добавить комментарий