Бишкекке Кувейттен 102 кыргыз жараны учуп келди
Кыргызстанга Кувейттен 102 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Бүгүн “Манас” эл аралык аэропорту «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт-Бишкек» маршруту боюнча чартердик каттам менен Кувейттен Кыргызстанга келген 102 КР жаранын тосуп алды.
Бул авиакаттам менен Кувейттен ошондой эле буга чейин Катар, Египет жана Малайзияда жүргөн КР жарандары үчүн Кувейт тарабынын макулдашуу боюнча чет өлкөлүк жарандардын келүүсүндө орун алган чектөөлөрдүн шартында өлкөгө келүүнүн транзиттик маршруту уюштурулган.
Каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн КР Тышкы иштер министрлиги бул каттамды уюштурууну ишке ашырган.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарын алып келүү боюнча иштер уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kuvejtten-kyrgyzstanga-kelgen-zharandar-observaciyaga-alynat
Добавить комментарий ×