Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды
Ата-Журт Кыргызстан партиясынан депутат шайланган Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Шайлоо бүгүн, 30-июнда шаардык кеңештин жыйынында өттү.
Аны колдоп 41 депутат, каршы 2 депутат добуш берсе, 2 депутат добуш ыйгарган жок.
Конгантиевдин талапкерлигин «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын турган коалициялык көпчүлүк сунуштады.
Конгантиев шаардык кеңештин 26-27-чакырылышынын депутаты болгон. Улуттук дзюдо федерациясын вице-президенти Борбордук Азия аймагындагы дзюдо күрөшү боюнча борбордун директору болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/kuvanychbek-kongantiev-bishkek-shaardyk-keeshinin-tragasy-bolup-shajlandy
Добавить комментарий ×