Куудулдардын программалары текшерилет

1 ноябрь 2019 16:11 7669 1 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

 Мындан ары көркөм эксперттик комиссия куудулдардын сахнадагы программаларын текшерет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринен билдирди

Буга чейин социалдык тармактынкээ бир  колдонуучулары айрым куудулдарын чектен ашкан тамашаларына нааразы болуп, министрликке жамааттык кат жолдошкон. Анда куудул Тынар Курбаналиевдин чыгармачылык сатирасына карата чара көрүү жөнүндө кайрылуу жазылган.

«Сиздердин кайрылууңуздардын негизинде жогорудагы инсандар менен мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз жана активдүү билдирүүлөрдү калтыргандыгыңыздарды эске алып, мындан ары алардын программаларын дыкат карап, сахналык маданиятка ылайык келбеген сатираларга чара колдонуу боюнча Көркөм эксперттик комиссия иш алып бара тургандыгын билдиребиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kuuduldardyn-programmalary-teksherilet



Добавить комментарий