Куудул Күмөндөр Абылов инстаграмга кошулду
Бөлүшүү:
Кыргыз республикасынын Эл артисти, театр жана киноактёру Күмөндөр Абылов жеке инстаграм баракчасын эми ачты. Мындан кийин куудулдун куйкум сөздүү тамашаларына күбө болгусу келгендер, анын жеке баракчасы аркылуу дагы көрүп турса болот. Куудул баракчасы тууралуу "Урматтуу инстаграмчылар! Буюрса, бүгүнтөн баштап, мен дагы инстаграм айдыңына көчүп келип, силердин катарыңардамын! Өрүлүктөп келсеңер, эшик ачык!"-деп билдирди. Күмөндөр а дегенде эле Америкадан түшкөн сүрөтү менен инстаграмдын эшигин ачып кирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kuudul-kmndr-abylov-instagramga-koshuldu
Добавить комментарий ×