Курулуш чөйрөсүндөгү мыйзам өзгөрүлүшү мүмкүн

28 январь 2019 18:30 1452 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Анда "курулушка уруксат берүү" жол-жобосун алуу сунушталууда. Бул маселе 29-январда Жогорку Кеңеште каралат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №584 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети парламенттик угуу өткөрѳт.

Аталган тармакта бир катар көйгөйлүү маселелер бар. Курулуш өлкө экономикасынын өнүгүү темпин аныктоочу маанилүү жана мультспектордуу тармак экендигин белгилей кетүү зарыл. Курулуш тармагында иштеген юридикалык жактар ЖЭС, ЖЭБ, ГЭС, түтүн чыгаруучу түтүктөрдү, мунараларды, көпүрөлөрдү, жер алдындагы жер үстүндөгү өтмөктөрдү, магистралдык куур өткөргүчтөрдү, эл аралык аэропортторду, темир жол вокзалдарын, магистралдык темир жолдорду курууда долбоордук документацияларды макулдашууда бир катар көйгөйлөргө учурашат.

Масштабдуу мүнөзгө ээ болгон объекттерде долбоор бир комплексти түзгөн курулуштардан тургандыктан экспертиза жүргүзүү мезгили узарат.

Курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезегин эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу аркылуу курулуш долбоорлорунун негизинде жүргүзүү (этап менен), убакытты кыскартат жана өз объекттерин убагынан мурда берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ошого байланыштуу, кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоору сунушталууда.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору айтылган милдеттерди чечүү менен мындан аркы курулуш долбоорлорун ишке ашырууга жана аяктоого мүмкүнчүлүк берет (өнөр жай курулуш объекттери, алардын имарат жана курулмалар комплексин курууга).

Жарыш долбоорлоо жана куруудагы мурунку тажрыйбаны талдоо менен бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын максималдуу түрдө эске алуу менен этап менен долбоорлоо жана куруу концепциясы куруу жана долбоорлоо маселелерин жөнгө салуудагы оптималдуу вариант болуп саналат.

Белгиленген мыйзам долбоору кабыл алынса бул тармакка байланышкан башка укуктук актыларда өзгөрүүгө дуушар болот. Тактап айтсак Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 2008-жылдын 30-майы №252 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү 2013-жылдын 24-июну №372 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.

Мындан тышкары, аталган мыйзамдын 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында аталган мыйзам күчүнө кирүүсү менен аталган мыйзамда каралбаган аракеттер, иштин түрлөрү, операцияларды лицензиялык жөнгө салуу алып салынат.

Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 32-беренесине ылайык мыйзам долбоору менен "курулушка уруксат берүү" жол-жобосун алып салуу сунуш кылынууда.


Ссылка: https://barometr.kg/kurulush-chjrsndg-myjzam-zgrlsh-mmkn



Добавить комментарий