Курманбек Бакиев кыргызстандыктарга эмнеге ыраазы болду?
Бөлүшүү:
КРнын экс-президенти Курманбек Бакиев Россиянын ири шаарларында Рамазан айында ооз ачыруу иш-чараларын уюштурууда. Бул тууралуу Бакиевдердин тарапташы Аскат Тейит соцтармакка жарыялады.
Анын айтымында өткөн аптада мындай ифтар иш-чаралары Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарларында өткөн.
“Курманбек Салиевич иш-чарага катышуудан баш тартпаган баардык кыргызстандыктарга ыраазы. Жараткан эгем баарына жакшылык берсин. Ошондой эле ал Россиянын ири шаарларында “ооз ачуу” иш-чараларын уюштурууга ниеттенип жатат”,-деп айтты Аскат Тейит.
Ссылка: https://barometr.kg/kurmanbek-bakiev-kyrgyzstandyktarga-emnege-yraazy-boldu
Добавить комментарий ×