Курал Чокоев: Мен үчүн "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин эч кандай мааниси жок

13 январь 2021 16:51 3783 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мен үчүн "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин эч кандай мааниси жок, деди ырчы Курал Чокоев. Бул туурасында ырчынын радиого берген маеги учурунда билдирген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

«Эгерде алар каалашса, мен бул төш белгини жана күбөлүктү кайтарып бере алам. Маданият министрлигинин компетенттүү эместиги белгилүү болот, анткени биз светтик жана демократиялык мамлекетте жашап жатабыз. YouTube каналына каалаганымды жайгаштырууга укугум бар», - деди ал.

Анын айтымында, ал үчүн элдин пикири маанилүү болгондуктан видеону өчүрүп, долбоорду токтоткон.

«Мени кандайдыр бир сыйлыктардан ажыратуу, бир нерсе кылууга тыюу салуу ашыкча деп эсептейм. Мындай сыйлыктардын аты гана болбосо эч кандай пайдасы деле жок", - деди ырчы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевге 2011-жылдын 12-июнунда берилген "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алгае. Тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон.



Ссылка: https://barometr.kg/kural-chokoev-men-chn-madaniyattyn-mykty-kyzmatkeri-tsh-belgisinin-ech-kandaj-maanisi-zhok



Добавить комментарий