"Кучакташып көрүшүштү". Кыдырмышев Рамзан Кадыровго ат жабдыктарын белек кылды
Бүгүн, 26-майда, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев Грозныйда жолукту. Бул тууралуу Руслан Кыдырмышевдин соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Кадыров Кыдырмышевди мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, кыргыздар менен чечендер бир тууган элдер экенин баса белгилеген.
“Чеченстандын башчысы, Россиянын Баатыры, Рамзан Ахматович Кадыров бизди жылуу мааанайда тосуп алганы үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Сизди жакында Кыргызстандан көрөбүз деп ишенебиз”, - деп жазды Кыдырмышев соцтармактагы баракчасына.
Ал эми, Рамзан Кадыровдун расмий сайтында Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Руслан Кыдырмышевге өзгөчө белек тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдиргени жазылган.
“Расмий эмес шартта биз, аймактарыбыздын ийгиликтери, ар кандай турмуштук темалар жөнүндө сүйлөштүк. Дүйнөдөгү акыркы окуялар боюнча көз караштарыбыз менен бөлүштүк.
Ошондой эле, эки өлкөнүн көптөгөн кызыкчылыктары бар экенин талкууладык. Бизди тыгыз байланыштырган тармактар булар спорт, кайрымдуулук деген нерселер. Натыйжада, өтө мазмундуу жана эркин сүйлөшүү болду. Кыргыз - чечен элдери бир тууган. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда оор сталиндик репрессиялар мезгилинен бери жашап келген мекендештерибиздин ири диаспорасы жашайт. Кыргызстандын экономикасы жана социалдык чөйрөсү тездик менен өнүгүп жаткандыгы мени кубандырат”, - деп жазылат Кадыровдун билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, Кыдырмышев Рамзан Кадыровго кыргыз чеберлеринин колунан жасалган ээр, кур жана өз колу менен жасаган ат жабдыктарынын толук топтомун белек кылган.
Эскерте кетсек, Руслан Кыдырмышев 7-май күнү президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/kuchaktashyp-krshsht-kydyrmyshev-ramzan-kadyrovgo-zhabdyktaryn-belek-kyldy
Добавить комментарий ×