Кубатбек Боронов жалпы дарыгерлерден кечирим сурады

13 апрель 2020 17:07 674 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандагы жалпы дарыгерлерден кечирим сурады. Ал буга чейинки брифингдердин биринде ооруга чалдыккан дарыгерлер боюнча сөз кылганын айтып, ал сөздөрдү айрым дарыгерлер өзүнө алганына токтолду.

“Айтып койчу нерсе буга чейинки брифингде медицина кызматкерлеринин оорусу боюнча айткан маселе бар болчу. Ага депутаттар да, социалдык тармактарда көңүл бурган маселе болду. Мен маалыматта аты-жөнүн, алардын кайсы жерде иштегени сыяктуу купуя сырларды ачыкка чыгарган эмесмин. Негизинен бул жерде медицина кызматкерлерине чара колдонуп, алардын оорусун ашкерелөө маселеси турган эмес. Негизги максат коронавируска каршы күрөшүп жаткан бардык кызматкердердин ушундай маселелерин алдын алуу болчу”, — деди ал.

Боронов өз сөзүндө коронавируска каршы иштеп жаткан бардык кызматкерлердин коопсуздугу негизги маселе экенин айтып, андыктан ага өтө кылдат мамлиле кылуу керектигин айтты. Андан сырткары медицина кызматкерлеринен кечирим сурада.

“Жалпы мамлекеттеги медицина кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сураганга даярмын, кечирим сурайм. Эгер кандайдыр бир ошол маалымат сиздердин аброюңуздарга шек келтирген маалымат катары кабыл алынса, аны туура түшүнүңүздөр, андай ой менен айтылган маселе эмес болчу. Биз медицина кызматкерлерине дайыма колдоо көрсөтүп жардам беребиз. Штабдын башчысы катары мен алар менен тыгыз байланышта иштеп, алардын канчалык деңгээлде эрдик менен иштеп жатканын түшүнүү менен кабыл алып, ошону өз көзүм менен көрүп жатам. Ошондуктан дагы бир ирет кечирим сураймын”, — деди Боронов.

Биринчи вице-премьер дарыгерлерге карата мамлекет тарабынан бир катар колдоо жана камкордуктар каралганын айтты. Анын арасында илдет чыкканда жерде иштеп, ооруну жуктуруп алган дарыгерлерге каралган компенсация дагы бар.

Өкмөттүн чечими менен оору жуктурган дарыгерлерге 200 миң сом, эгер оорудан каза болсо 1 млн сом компенсация берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/kubatbek-boronov-zhalpy-darygerlerden-kechirim-surady



Добавить комментарий