Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды (Видео)
Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.
Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы Премьер-министрге жана жалпы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ийгилик каалады.
Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги фракциялардын лидерлери - Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев катышты.
Добавить комментарий ×