Кубатбек Боронов: эпидемиянын туу чокусуна жеттик деп айтуудан алысмын

29 апрель 2020 14:13 1239 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Кыргызстанда короанвирус жуккандардын туу чокусуна чыкты деп айтуу али эрте экенин маалымат жыйында билдирди.

“Эпидемиянын туу чокусуна жеттик деп айтуудан алысмын. Бизде чечиле элек дагы көйгөйлөр бар. Оорунун жукканы билинбей өтүп жаткандар бар, же болбосо жашырып койгон оорулуулар бар. Ошолордун бардыгын аныкташ керек. Республика боюнча 114 эл жашаган аймакта коронавирус бар деп эсептеп чыктык. Алардын бардыгын мобилдик топтор кыдырып, ар бир жаранга жолугуп алардын ал-акыбалын билүүгө аракет кылып жатабыз. Ушундай жарандар калып калган болсо алар оорунун кайрадан жайылышына себепкер болот. Андыктан оорунун туу чокусуна чыктык деш кыйын”, — деди ал.

Эске салсак, 29-апрелге карата Кыргызстанда 729 кишиге коронавирус жукканы ырасталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kubatbek-boronov-epidemiyanyn-tuu-chokusuna-zhettik-dep-ajtuudan-alysmyn



Добавить комментарий