Кубатбек Боронов «Ак-Жол» өткөрмө жайындагы реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн көрүп келди

28 август 2020 13:10 1789 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайына барды. Мамлекеттик чек арада  курулуп жактан имаратты жана реконструкцияланып жаткан инфраструктурасын көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып “Баромет” билдирет.

Маалыматта, «Ак-Жол» өткөрмө жайын реконструкциялоо экспортко чыгуучу ата мекендик ишканаларга шарт түзүүгө багытталганды айтылат.

«Көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо,  заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздоо каралган. Муну менен көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жарандардын өтүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздай алабыз», - деди Кубатбек Боронов.

Ошону менен катары эле өкмөт башчы көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө да көңүл буруу керектигин экертти. Анткени өлкөгө келип жактан туристтердин Кыргызстан тууралуу таасирлери ушул чек арадагы өткөрмө жайларынан калыптанарын айтты.

Эске сала кетсек, «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иши 2020-жылдын март айында башталган. Жаңылоо иштерин 2020-жылдын декабрь айында аяктоо пландалды. Модернизациялоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Буга чейин «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамга жана 800-1000 унаа каражаттарына чейин болчу. Модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kubatbek-boronov-ak-zhol-tkrm-zhajyndagy-rekonstrukciyaloo-ishterinin-zhrshn-krp-keldi



Добавить комментарий