Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Жогорку Сотко арыз менен кайрылды

25 июнь 2018 03:30 1135 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду камакка алуу чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко экс-мэрдин жактоочусу арыз жөнөттү. 

Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин Кулматовду тергөө бүткөнчө камакка алуу чечимин Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Мындай чечимге макул болбогон экс-мэрдин жактоочулары  шаардык сотко кассациялык арыз менен кайрылган.

Шаардык сот да алардын арызын канааттандырган эмес. Ушуга байланыштуу Кулматовдун жактоочусу  эми Жогорку Сотко арыз жолдоду.


Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөн айда айып тагылган. Ал "2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда ЖЭБди жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. долларлык грантты мыйзамсыз иштеткен" деп айыпталып жатат.

Бул иш боюнча алгач экс-мэрдин үйү тинтилип, ал 5-июнда камакка алынган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Өткөн аптада Кулматовго экинчи кылмыш иши козголгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/kubanychbek-kulmatovdun-zhaktoochusu-zhogorku-sotko-aryz-menen-kajryldy



Добавить комментарий