Бала-бакчалар 5-июндан тарта иштей башташат

29 май 2020 15:34 788 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары 5-июндан тарта иштей башташат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

"Алардын иши, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. 5-июндан башталышынын себеби, ага чейин иштей турган уюмдардын даярдыгына текшерүү жүргүзүлүп, ар бир уюмга жекече уруксат берилет. Ал эми бала бакчалардын даярдыгы мэрия тарабынан көзмөлгө алынат”, - деди биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Боронов.

Ссылка: https://barometr.kg/kubanychbek-boronov-aldyn-ala-dayardyktardan-kijin-bala-bakchalar-achylat



Добавить комментарий