Аксыда аты менен кошо сууга кулап кеткен 11 жаштагы бала табыла элек

27 май 2021 13:53 4064 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

24-май күнү Аксынын Терс айылынында аты менен кошо сууга түшүп кеткен 11 жаштагы бала дагы деле табыла элек. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“26-май күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнин РӨКОнун 10 куткаруучу, Аксы райондук №70 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылып, Желе-Терек тилкесинен Түрдүк айылына чейин болжол менен жалпы 27 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлгөн. 27-майда күнү да иш-чаралар улантылат”,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Аксы районунда 24- май күнү Жаңы-Жол айыл аймагындагы Терс айылынын тургуну 2010-жылы туулган бала Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-aty-menen-kosho-suuga-kulap-ketken-11-zhashtagy-bala-tabyla-elek



Добавить комментарий