Кубанда ит үч күн кудуктан чыга албай отурган

14 май 2021 11:04 772 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Армавирде ит эки метрлик кудукка түшүп кеткен. Ал жерде куткаруучулар келгенге чейин үч күн отурган. Бул тууралуу Кубан-24 сайтына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Жергиликтүү тургундар иттин үргөнүн угушкан. Алар аны өз алдынча кудуктан чыгара алышкан эмес. Ошондуктан адистерден жардам сурап кайрылышкан.

“Окуя болгон жерге келген адистер жыгач тактайлардан пандус чогултушуп, анын менен  куткаруучулардын бири кудукка түшүп, кыйынчылыкка туш болгон итти алып чыгышты”,- деп айтылыт маалыматта.

Буга чейин активисттер ыргытылган үй жаныбарларынын ээлерине айып пул салуу шарттарын айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kubanda-it-ch-kn-kuduktan-chyga-albaj-oturgan



Добавить комментарий