КСДПнын штабынын бухгалтери өлкөгө кайтып келип, ИИМге кайрылса, анын коопсуздугу сакталат

27 ноябрь 2018 17:04 1024 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КСДПнын штабынын бухгалтери өлкөгө кайтып келип, ИИМге кайрылса, анын коопсуздугун сактоо боюнча иш калыс жана мыйзам чегинде иликтенет. Мындай билдирүүнү ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, ички иштер министрлиги 2017-жылы президенттик шайлоодо кетирген чыгымдар боюнча тараган маалыматка байланыштуу КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын бухгалтеринин өмүрүнө жана анын үй-бүлөөсүнө коркунуч туулуп жатышы мүмкүн деп айткан маалыматы боюнча текшерүүсүн улантууда.

Эгерде КСДПнын штабынын бухгалтери өзүнүн жана үй бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы боюнча маалыматтары бар болсо жана ошондой эле өлкөгө кайтып келип ИИМге кайрыла турган болсо, коопсуздукту камсыздоо менен катар окуя  боюнча ар тараптуу жана калыс иликтөөгө алына тургандыгы айтылды. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө  чек ара кызматынын маалыматы боюнча, КСДПнын бухгалтери социалдык тармактарда президенттик шайлоодо коротулушу мүмкүн болгон чыгымдардын эсеби пайда боло электен мурда, тактап айтканда 4 күн мурун, 2018-жылдын 11-ноябрында өлкөнүн чек арасынан чыгып кеткендиги аныкталган.

Андан сырткары, 18-ноябрда мурдагы президенттин айткан сөздөрүнөн кийин коомдук кызуу талкуу жаралган учурда бухгалтердин баласы дагы чек арадан чыгып кеткендиги тастыкталган. 

Эске салсак, Илмияновдун камалышынан кийин КСДПнын штабынын башкы бухгалтери чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу айтылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/ksdpnyn-shtabynyn-buhgalteri-lkg-kajtp-kelip-iimge-kajrylsa-anyn-koopsuzdugun-sakt



Добавить комментарий