КСДП бийликке куугунтукту токтот деген талап койду

9 август 2019 18:20 894 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Кыргызстандын бийлиги КСДП партиясынын мүчөлөрүн жана «Элдик штабдын» өкүлдөрүн саясий куугунтукка алууну токтотсун!. Мындай талап КСДП Саясий кеңеши менен “Элдик штаб” биргелешип жасаган билдирүүдө айтылат.

Бул тууралуу саясий кеңештин мүчөсү Адил Турдукулов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда бийлик КСДП партиясынын мүчөлөрүн жана «Элдик штабдын» өкүлдөрүн саясий куугунтукка алууну токтотууну, ар тараптан жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүүнү жана атайын багыттагы отряддын кызматкеринин өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрлөрүн аныктоону талап кылынат.

Мындан сырткары алар камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата бардык процессуалдык жол-жоболор толугу менен мыйзам чегинде, ачык-айкын аткарылышын талап кылышат.

КСДП партиясынын мүчөлөрүн жана «Элдик штабдын» өкүлдөрү Атамбаев жана башка кармалган тарапташтарына карата күнөөсүздүк презумпциясынын принциптери ийне-жибине чейин сакталышын талап кылышат.

Биз мурункудай эле Алмазбек Атамбаев кол тийбестикке ээ, демек, анын кармалышы жана кийин камакка алынышы мыйзамсыз түрдө жүргүзүлдү деп эсептейбиз. Ошондой эле, биз бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтүүнү токтотуп, «Апрель» телеканалынын эфирин толугу менен калыбына келтирүүгө чакырабыз. КСДП партиясынын жана «Элдик штабдын» мыйзамсыздыкка каршы саясий жана коомдук ишмердүүлүгү толугу менен уланып жатканын билдиребиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ksdp-bijlikke-kuuguntuktu-toktot-degen-talap-kojdu



Добавить комментарий