КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун экинчи курсунун курсанты белгисиз себептерден улам көз жумду

25 сентябрь 2018 14:25 678 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 25-сентябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун экинчи курсунун студенти курсант С. И. көз жумгандыгы тууралуу Мамлекеттик коргоо күчтөрүнүн пресс кызматы билдирди.

Генштабтын айтуусуна таянсак, саат 7:00 чамасында курсанттар таңкы көнүгүү жасоого чыгышкан, ал эми С. И. медициналык себептерден улам көнүгүүдөн бошотулган. Кийинчерек аны жерде эс учун жоготуп жаткан жеринен табышкан. Жаш курсант "тез жардам" келгенге чейин көз жумган.

Бул тууралуу Бишкек гарнизондук Аскер прокуратурасы изилдеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/krnyn-kuralduu-kchtrnn-askerdik-institutunun-ekinchi-kursunun-kursanty-belgisiz-sebepterden-ulam-kz-zhumdu



Добавить комментарий