"Коронавирустан абайлагыла!" деп араң сүйлөп видео тараткан киши каза болду (Видео)
Социалдык тармактарга ооруканада жаткан киши дем ала албай араң сүйлөп, оорудан "Абайлагыла" деп кайрылуу жасаган киши көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Борбор калаадагы Ленин РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов 37 жашында көз жумду. Өлүмүнүн себеби такталып жатат.
Маалыматка ылайык, маркум пневмониядан улам ооруканада жаткан.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарга ооруканада жаткан киши дем ала албай араң сүйлөп, оорудан абайлагыла деп кайрылуу жасаган видео тараган. Аны бул кайрылуусу интернет айдыңына байма бай жөнөтүлгөн.
"Жигиттер, ассалому алейкум, кандайсыңар. Абайлагыла, абайлагыла. Бул абдан коркунучтуу оору экен. Ошондуктан абайлагыла, маска кийгиле. Бул жакта Улуттук госпиталда адам жөн эле толуп кетиптир. Албай жатышат. Канчасын тез жардам ташып келип жатат. Шаар кооптуу", — деп айткан эле.
Бишкек ШИИББы видеодогу киши каза тапкан милиционер экендигин тастыкташты.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-abajlagyla-dep-ara-sjlp-video-taratkan-kishi-kaza-boldu-video
Добавить комментарий ×