Кризис, согуш, пандемия: 2020-жыл дүйнөнү кандайча өзгөрттү жана эмне үчүн ал тарыхтагы эң жаман жыл деп аталып калды?

25 декабрь 2020 16:55 1538 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Узап бара жаткан 2020-жыл экономикалык кризис, согуш, пандемия менен коштолуп, тарыхта адамзаат үчүн эң оор жана жаман жыл деп аталды. “Барометр” жер жүзүндөгү адамдар үчүн оор жыл деп аталган 2020-жылдын урунтуу учурларына сарасеп салып көрдү.

 2020-жыл дүйнөгө жаңы инфекция, глобалдык карантин жана дүйнөлүк экономиканын кыйрашын "тартуулады". Бул 2020-жылдагы эң жаман деп аталган көйгөйлөрдүн толук тизмеси эмес - ага террордук актылар, саясий жаңжалдар жана согуштар да кирген.

АКШ менен Ирандын согушу

Жыл башынан эле жакшы болгон жок. 3-январда АКШнын атайын кызматтары Ирактагы Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун (IRGC) элиталык Аль-Кудс атайын бөлүмүнүн башчысы ирандык генерал Касем Солейманини өлтүрүп салды. АКШ Сулейманини Жакынкы Чыгыштын ар кайсы өлкөлөрүндөгү атайын операциялардын уюштуруучусу катары террорист деп баалап, Америка элчиликтеринин бирин жардырууну пландаштырган деген айып менен өлтүгөн.

Тегеран мындай каралоого макул болгон жок. Ирандыктар Сулейманини шейит деп таанып, Вашингтондон өч алууну убада кылышты. Бул өзгөчө өзөктүк программа менен байланышкан көйгөйлөрдү эске алуу менен коркунучтуу угулду: АКШ 2018-жылы Иран менен келишимден чыккандан бери, Ислам Республикасы өлүмгө алып келүүчү куралдарды жаратуу мүмкүнчүлүктөрүн гана кеңейтти.

Иран генералынын өлтүрүлгөнүнөн көп өтпөй эле 8-январда эле АКШнын Ирактагы аскер объектилерине ракеталык чабуул жасады. Кийинчерээк, базадагы бардык америкалык аскерлер тирүү калышканы маалым болду.

Иран АКШдан өч алууну дагы да болсо уланта берди. Иран аскерлери Украиналык учакты аскердик учакка алмаштырып атып алды. Учакта 176 адам каза болду. Кийинчерек Иран каза болгон адамдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, АКШнын аскердик учагына алмаштырып алышканын моюнга алды.

Коронавирус

Дүйнөлүк коомчулук Иран менен АКШнын ортосундагы тирешүүнү сырттан байкап турганда, Кытайда бүтүндөй планетанын тынчын алып кооптондурган жугуштуу оору башталды. Январь айынын башында маалымат ММКларга тарады: Ухань шаарында жаңы жана түшүнүксүз оору күчөп жатты. Күндөр өтүп, оору уламдан-улам коркунучтуу боло баштады: бейтаптар жөн эле көчөдө бара жаткан жеринен жыгылып жатышты.

Акыры Кытай элди мурда илимде белгисиз вирус "каптап" жаткандыгын айтып, кырдаал көзөмөлдө деп ишендирди. Бирок, бул таптакыр башкача болуп чыкты: инфекция 2019-жылдын ноябрь-декабрь айларында пайда болгон, бирок аларга бул жөнүндө айтууга тыюу салынган, ал эми маалыматты тараткандыгы үчүн дарыгерлерге катуу жаза колдонулган. Натыйжада, 20-январга чейин оорулардын саны кескин көбөйүп кетти, ушул убакка чейин алар чет өлкөлөрдө кездеше баштады, анткени Ухан - бул транспорттук ири борбор.

Окумуштуулар тез арада коронавирустун SARS-CoV-2 деп аталган жаңы түрүн табышкан. Анын кесепетинен пайда болгон оору жана пневмония COVID-19 деп аталып калган. 30-январда эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) эпидемияны коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Февраль айынын аягына чейин бир нече континентте 80 миң адам коронавируска чалдыккан. Ал эми 11-мартта Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 илдетин пандемия деп жарыялаган.

Коронавирустун кесепетинен 1,7 миллиондон ашуун адам каза болуп, жер жүзүнүн 76 миллиондон ашуун адамы аталган инфексияны жугузуп алышты.

Бир-эки айдын ичинде, бүткүл адамзаттын көз алдында болуп көрбөгөндөй өзгөрүү болду. Адамдар жумушунан жана жакындарынан айрылып, жалгыздыктын азабын тартып, саякаттоо, ресторандарда тамактануу, концерттерге баруу, атүгүл үйлөрүнөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоготушту. Жана мунун баары көзгө көрүнбөгөн кандайдыр бир инфекция өлкөлөрдүн бийликтерин катуу чектөө чараларын, карантиндерди жана коменданттык сааттарды киргизүүгө мажбур кылгандыгы үчүн.

АКШдагы митинг

Ага утурлай эле дүйнөнүн бир нече шаарларында массалык башаламандыктар болду. Атап айтканда АКШда кара терилүү Джордж Флойттун полиция тарабынан өлтүрүлүшү миңдеген адамдардын нааразычылыгын күчөттү. Полиция менен адамдардын кагылышуусунан бир канча адамдар каза болду.

Белорусиядагы митинг

Андан кийин эле, Белорусия да нааразычылык акциялары башталды. Белорус эли жаңы шайланган Александр Лукашенкону президент деп тааныбай, анын бийликтен кетишин талап кылып массалык нааразычылык акцияларына чыгышты.

Кыргызстандагы митинг

Ал ортодо, Кыргызстанда да октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон элдер нааразычылык акциясына чыгышкан. Тынчтык митинги башаламандык  менен коштолуп, президенттин кетиши жана шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышы менен аяктады.

Бейруттагы жарылуу

Август айында Ливандын борбору Бейруттун портунда кампалардын бири жарылды. Жарылуу укмуштуудай күчкө ээ болду. Жарылуу толкуну жакын жердеги турак үйлөрдү бузуп, шаардын ички бөлүгүндөгү көптөгөн имараттарды кыйратты. Бейруттун жарымы кандайдыр бир деңгээлде талкаланган деп кабарланган. 200дөн ашуун адам каза болуп, 7 миңден ашуун адам жаракат алган. Бийликтин айтымында, келтирилген чыгым 15 миллиард долларды түздү. 300 миңден ашуун адам үй-жайсыз калган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, портто жайгашкан 2750 тонна аммиак селитрасы жарылган. Ал 2013-жылы Rhosus кемесинен конфискацияланган, ал Россиянын жарандыгы бар ишкер Игорь Гречушкинге таандык болгон.

Франциядагы теракт

Урунттуу окуялардын сап башында Францияда болгон теракт да тура. Октябрь айында Парижде тарых сабагынан билим берген мугалимди чечен улутундагы адам Мухаммед пайгамбардын каррикатурасын көрсөттү деген айып менен башын алып койду. Бул окуяны Франция теракт деп баалады. Ал эми, бул кандуу окуядан кийин Франциянын президенти Эмманюэль Макрон мусулман динин карманган адамдарга карата бир топ резонанстуу билдирүүлөрдү таратты. Бул билдирүүлөр бир топ мусулман лидерлеринин кыжырын кайнатып, өз ара тирешүүгө алып келди.

Армения менен Азербайджан согушу

Кайрадан согуш, Армения менен Азербайджан Тоолу Карабахты талашып согуш баштады.

Эки тараптуу ок атуулардын айынан бир нече аскерлеринен жана тынч жашоочуларынан айрылышты. Акыры, Россия жана Түркиянын кийлигишүүсүнүн негизинде Тоолу Карабах Азербайджан тарапка өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/krizis-sogush-pandemiya-2020-zhyl-djnn-kandajcha-zgrtt-zhana-emne-chn-al-taryhtagy-e-zhaman-zhyl-dep-atalyp-kaldy



Добавить комментарий