Криштиану Роналдо эми Италиянын командасында ойнойт

12 июль 2018 03:01 1219 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Португалиянын футбол оюнчусу Криштиану Роналдо жаңы сезондо италиянын "Ювентус" клубунда ойнойт. Бул тууралуу BBC дүйнөлүк кызматы жазды. Маалыматка караганда Россияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Футбол чемпиондугунда Роналдо өз өлкөсү үчүн ойногон. Ал ортодо "Реал Мадрид"ден "Ювентус"ка өтүү үчүн макулдашууларга кол коюлган. Макулдашуунун наркы 105 млн  фунтка бааланды. Байкоочулар 2018-жылдагы футбол чемпиондугунда Роналдонун оюнун ийгиликсиз деп аташты. Уругвай менен беттешүүдө финалдан чыкпай Португалиянын курама командасы үйүнө кайткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/krishtianu-ronaldo-emi-italiyanyn-komandasynda-ojnojt



Добавить комментарий