Крим чөйрөдө "Карышкыр" деген аты менен таанылган закондогу ууру камалды, үйүнө марихуана жана гашиш сактаган
"Карышкыр" кличкасы менен таанылган закондогу ууру №1 СИЗОго 2 айга камакка алынды. Үйүнөн гашиш жана марихуана табылган. Бул тууралуу Barometr.kg ге КР ИИМ нин басма сөз кызматынан Эрнис Осмонбаев билдирди.
Аламүдун райондук соту криминалдык чөйрөдө "Карышкыр" деп аталган Мурсалым Умырзаковду 2 айга СИЗО го калтырууну чечти.
Анын берген маалыматына ылайык, айыпталуучуга мурда кылмыш иши козголгон жана Чүй облусунун аймагындагы эң оор кылмыштарды жасаган деген күнөөлөр менен прокурордун ыкчам изилдөө тобу Умырзаков жашаган аймактарды тинтүүгө алышкан. Жыйынтыгында кылмышка шектүүнун үйүнөн гашиш жана марихуана табылды. Соттун чечими менен иликтөө иштери бүткүчө Мурсалым Умырзаков Бишкек шаарынын №1 СИЗО сунда калтырылат.
Добавить комментарий ×